Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Бул тууралуу полиция кызматкери Ахмед Дахир маалымат берди.

1587771
Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Сомалинин борбору Могадишодогу өкмөттүк кызматкерлердин унаасын бутага алган бомбалуу кол салуусунан 2 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышты.

Полиция кызматкери Ахмед Дахир борбор шаар Могадишого кеткен негизги коопсуздук өткөрүү пункту жайгашкан Бал'аддын жанындагы өкмөттүк кызматкерлердин унаасына бомбалуу кол салуу болгонун билдирди.

Дахир, кол салуудан 2 кишинин каза тапканын жана көптөгөн адамдардын жаракат алгандыгын белгилеп, бирок кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти ала электигин айтты.



Тектеш кабарлар