Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү.

1587196
Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус
covid test.jpg
covid -19.jpg
covid SPR ölüm.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 463 миң 661ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 111 миллион 249 миңден, ал эми айыккандардын саны 86 миллион 132 миңден ашты.

Пандемиянын чордону АКШда адамдардын өлүмү 507 миң 746, жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 603 миңди түздү. АКШ Ковид-19 эпидемиясынан улам жабылган Канада жана Мексика чек араларындагы саякаттоо чектөөлөрүнүн 21-мартка чейин узартылаарын билдирди. Экинчи жагынан, өлкөдөгү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын жаашына байланыштуу Ковид-19 вакцинасынын 6 миллион дозасын таратуу кечикти.

Бразилияда вирустан каза болгондордун саны 244 миң 955ке, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 10 миллион 81 миңге жетти.

Мексикада Ковид-19дан улам көз жумгандардын саны 178 миң 965ке, жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миллион 30 миңге жогорулады.

Британияда вирустун айынан акыркы сутка ичинде 533 өлүм жана 12,27 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 119 миң 920, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 95 миң 269 болду. Премьер-министр Борис Жонсондун жетекчилиги астында Германия, АКШ, Франция, Англия, Италия, Япония, Канада жана Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлерин бириктирген G7 лидерлеринин саммити видеоконференция ыкмасы менен өттү. Лидерлер коронавируска каршы күрөшүүдө кызматташтыкты активдештирүүнү чечишти.

Италияда акыркы 24 саатта эпидемиядан улам 348 адам каза болуп жалпы сан 95 миң 235ке жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны 15 миң 479га көбөйүп 2 миллион 780 миң 882ни түздү.

Францияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 83 миң 964кө жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 560 миңге жогорулады.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутка ичинде 397 кишинин каза болушу менен, адамдардын өлүмү 67 миң 101ге жетти. Ушул эле мезгилде 11 миң 435 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 133 миң 122ни түздү.

Германияда эпидемиялык жоготуу 68 миң 118ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 381 миңге жетти. Германия Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ) тарабынан түзүлгөн COVAX программасына кошкон салымын дагы 1,5 миллиард еврого көбөйттү.

Аргентинада 51 миң адамдын өлүмүнө себеп болгон Ковид-19, бүгүнкү күнгө чейин 2 миллиондон ашуун адамда табылды.

Перуда ушул кезге чейин Ковид-19дан 44 миң 489 адам каза болуп, 1 миллион 261 миң 804 учур аныкталды. Акыркы мезгилде өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны көбөйгөндүктөн "Медициналык чукул кырдаал" дагы 6 айга узартылды.



Тектеш кабарлар