Дубай принцессасы : "Атам мени барымтага алды"

Дубай эмири бин Рашид ел Мактумдун кызы принцесса Латифе өлкөдөн качууга аракет кылган бирок кармалып Дубайга алып келинген.

1585407
Дубай принцессасы : "Атам мени барымтага алды"

2018 -  жылы өлкөдөн качып баратып кармалган Дубай эмиринин кызы принцесса Латифенин  досторуна жашыруун түрдө жиберген бир видео ортого чыкты. Видеодо принцесса атасынын «өзүн барымтага алуу» менен күнөөлөгөн. Дубай эмири бин Рашид ел Мактумдун кызы принцесса Латифе өлкөдөн качууга аракет кылган бирок кармалып Дубайга алып келинген.

Принцесса Латифе Дубайга алып барылгандан мурда досторуна видео жиберип башынан өткөндөрү билдирген. Ваннада уюлдук телефон менен тартылган көрүнүштөрдө принцесса Латифе атасын өзүн барымтага алуу менен күнөөлөп : «Терезе жана каалгалар кулпулунган бир виллада барымтага алындым. Тышта 5, ичкериде 2 полиция бар жана таза аба алуу үчүн тышка чыга албаймын»,- деген.

Принцесса качан эркин койо берилерин билбегендигин жана коопсуздугунан тынчсызданып жатканын билдирген. Принцесса Латифе кандай кармалгандыгы тууралуу да билдирген. Качып бара жаткан кемеден  өзүн алуу үчүн келген аскерлерге каршылык көрсөткөндүгүн, бир аскердин колун тиштеп алгандыгын айткан. Видео принцессанын достору жана бир адам укуктары адвокаты тарабынан Британиянын БиБиСи  телеканалына берилди.  

Принцесса бир француздун жардамы менен 2018 -  жылы Дубай деңиз жолу аркылуу качууга аракет кылып Индияга жакын жерде кармалган.

Дүйнөлүк масштабдагы көптөгөн адам укуктарын коргоочусу принцессанын каалабаганына карабастан өлкөга алып барылгандыгын мунун «уурдоо» экендигин жактап «Латифени эркин койгула» деген кампания баштаган.



Тектеш кабарлар