Кубада аскердик тик учак кулап түштү
Окуя боюнча тергөө башталганы билдирилди.
1573985
Кубанын чыгышындагы Ольгин шаарында аскердик тик учактын кулашынан улам беш адам каза болду.
Би-Би-Синин маалыматына караганда, Кубанын Революциялык Куралдуу күчтөрү, Ольгин шаарынан Гуантанамого бараткан тик учактын кырсыкка учурагандыгын кабарлады.
Кырсыкта куралдуу күчтөргө таандык тик учактагы 5 кишиден эч ким аман калган жок. Куралдуу күчтөр окуя боюнча тергөө башталганын билдирди.
Кубада 2018-жылы болгон авиакырсыктан 112 адам каза тапкан болчу.