Космоско бара турчу туристтер аныкталды

Космостук саякат 8 күнгө созулат.

1573697
Космоско бара турчу туристтер аныкталды

Космоско бара турчу биринчи туристтер аныкталды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Хьюстон шаарында жайгашкан космостук туризм компаниясы Axiom Space, 2022-жылдын январь айында Эл аралык космостук станцияга (ISS) жасала турган 8 күндүк саякатка катыша турган жүргүнчүлөрдү жарыялады.

НАСАнын мурунку астронавты, команиянын жетекчисинин орун басары Майкл Лопес-Алегриа капитандык милдетти аткара турган сапарда, 71 жаштагы АКШлык ишкер Ларри Коннор, 51 жаштагы канадалык инвестор Марк Пэти жана 63 жаштагы израилдик ишкер жана мурунку учкуч Эйтан Стиббе болот.

Саякат үчүн 55 миллион доллар (болжол менен 405 миллион лира) төлөй турган 3 туристтен Ларри Коннер «Ax-1» космостук сапарда учкуч, Марк Пэтти жана Эйтан Стибб экипажда атайын миссияларды аткарышат.

Axiom Space, космостук туристтер орбитада боло турган мезгилде, жер бетиндеги изилдөөчүлөр үчүн окутуу жана тажрыйбаларды камтыган ар кандай жардам долбоорлорду уюштура тургандыгын жарыялады.

Axiom Space компаниясы, туристтик космостук саякатта Элион Масктын SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасын жана Crew Dragon космостук капсуласын колдонот.

НАСА, Axiom Spaceтын Эл аралык космостук станцияда мейманкана курарын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар