БУУ : "Түштүк Суданда 8,3 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж"

OCHA билдирүүсүндө көптөгөн жылдарга созулган жарандык согуштун, Kovid - 19 эпидемиясынын  жана климаттык алмашуунун тескери таасиринен гуманитардык кырдаалдын начарлагандыгын билдирди.

1572251
БУУ : "Түштүк Суданда 8,3 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж"

Түштүк Судандагы гуманитардык жардамга муктаж адамдардын саны 8,3 миллионго жетти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча координациялык бюросу OCHA билдирүүсүндө көптөгөн жылдарга созулган жарандык согуштун, Kovid - 19 эпидемиясынын  жана климаттык алмашуунун тескери таасиринен гуманитардык кырдаалдын начарлагандыгын билдирди.

Билдирүүдө : «2013 - жылдан бери чыр  - чатактардан, кооптуу чөйрөдөн жана табигый кырсыктардан улам 4 миллионго жакын адам жер которууга аргасыз болду»,-  деп билдирилип өлкөдөгү экономикалык кризиске жана шаарларда керектөөчү бааларынын жогорулагандыгына көңүл бурулду.

OCHAнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө булар белгиленди : «Ачкачылык күчөп баратат. 2021 - жылы 7,2 миллиондон ашуун адамдын азык-түлүк коопсуздугуна дуушар болору болжолдолууда. Айрым коомдор апааттык деңгээлде  азык  -түлүк коопсуздугу менен кездешиши  мүмкүн».



Тектеш кабарлар