Түндүк Кореялык дипломат Ву Түштүк Кореяга баш калкалады

Түндүк Кореянын Кувейттеги элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Рю Хын Ву аттуу дипломат үй - бүлөсү менен Түштүк Кореяга баш калкалады.

1570616
Түндүк Кореялык дипломат Ву Түштүк Кореяга баш калкалады

Түндүк Кореянын Кувейттеги элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Рю Хын Ву аттуу дипломат үй - бүлөсү менен Түштүк Кореяга баш калкалады.

Түштүк Кореянын Йонхап маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Рю Хын Ву 2017 - жылы БУУнун санкция чечиминен кийин өлкөдөн депортацияланып,  Кувейттеги Түндүк Кореянын элчиси Со Чанг Сиктин орун басары болуп турган.

Рюнун балдарынын келечеги үчүн Түштүк Кореяга кетүү чечимин чыгаргандыгы айтылууда. Улуттук чалгындоо кызматынан бир  кызматкер Рюнун качып кетиши боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Түндүк Кореялык  дипломаттын Рим элчилигинин ишенимдүү өкүлү Джо Сонг Гилдин Түштүк Кореяда баш калкалагандан эки айдан кийин 2019 - жылдын сентябрь айында качып кеткендиги болжолдолууда.



Тектеш кабарлар