Ковид-19га каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө, бирок анын жайылуусун токтотуу мүмкүн болбой жатат

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 40 миң 800дөн ашты.

1565797
Ковид-19га каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө, бирок анын жайылуусун токтотуу мүмкүн болбой жатат
Brezilya aşı süper
İngiltere Süper.jpg
ABD AŞI SÜPER

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 40 миң 800дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 95 миллион 530 миңден, ал эми айыккандардын саны 68 ​​миллион 240 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вирустан каза болгондордун саны 407 миң 202ге чейин көбөйгөн. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 24 миллион 482 миң 50гө көбөйдү.

Ковид-19дан 209 миң 869 адам каза болуп, 8 миллион 488 миң 99 адамга жуккан Бразилияда Ковид-19 вакциналары CoronaVac жана AstraZeneca шашылыш кырдаалдарда колдонууга бекитилди.

Италияда акыркы 24 саатта эпидемиянын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 377ге жетип, жалпы 82 миң 177ге көбөйдү. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 12 миң 415ке көбөйүп, 2 миллион 381 миң 277ге жетти.

Франциядагы Ковид-19 эпидемиясында акыркы сутка ичинде 141 адам көз жумган. Вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 70 миң 283кө көбөйдү. Өлкөдө вирус аныкталган адамдардын саны ушул эле мезгилде 16 миң 642ге көбөйүп, 2 миллион 910 миң 989га жетти.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиясынын 3 мүчөсү 1-январда ЕБге төрагалык кылган Португалиянын каржы министри Жоао Леао менен жолугуп, Ковид-19 тестинин оң чыккандыгы үчүн карантинге жабылды. Карантинге алынган комиссия мүчөлөрү 7 күндүн аягында тест тапшырышат. Эгерде анализден терс натыйжа чыкса карантин токтотулат.

Эпидемиянын айынан Мексикада акыркы сутка ичинде 463 адам, Аргентинада 112, Колумбияда 375, Перуда 101, Чилиде 42, Боливияда 40 жана Гватемалада 34 адам каза болду. Бул маалыматтарга караганда Ковид-19дан адамдардын өлүмү Мексикада 140 миң 704, Аргентинада 45 миң 407, Колумбияда 48 миң 631, Перуда 38 миң 871, Чилиде 17 миң 477, Боливияда 9 миң 636 жана Гватемалада 5 миң 254 болгон.



Тектеш кабарлар