Иранда жер титирөө болду

Ирандын Хүрмүзган аймагында 5, 5 баллдык жер титирөө болуп 80 айыл үйү зыян тартты.

1564897
Иранда жер титирөө болду

Ирандын Хүрмүзган аймагында  5, 5 баллдык жер титирөө болуп 80 айыл үйү зыян тартты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда түнү болгон жер титирөөдө дүрбөлөңдө качууга аракет кылган бир киши жараланып, кээ бир айылдардын суу жана электр инфраструктураларында  түрдүү маселелер чыкты.

Жер титирөөдө 80 айыл үйүнүн зыян тарткандыгы, Иран Кызылайынын  жапа чеккендер үчүн чатыр, одеало сыяктуу жардам материалдарын жеткиргендиги билдирилди.

Перс булуңунун жээгиндеги Хүрмүзган аймагын термелткен жер титирөөнүн отурукташуу жерлеринде да сезилгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар