Curiosity Марстагы үч миңинчи күнүн аяктады
НАСА, аппараттын 3000-күнүн аякташынын урматына өз сайтына Curioisty тарабынан 2020-жылдын 18-ноябрында тартылган фотосүрөттөрдүн коллажын жарыялады.
Америка Кошмо Штаттарынын Авиация жана космос агенттигинин (НАСА) роботтук аппараты Curiosity Марстагы изилдөө иштеринде 3000-күнүн аяктады.
"Space.com" сайтындагы жаңылыктарга караганда, чалгындоочу аппараттын Кызыл планетанын бетине 2012-жылы конгондон бери "сол" деп аталган 3 миң Марс күнү өттү.
Марс өз огунун айланасында 24 саат 40 мүнөт айлангандыктан, Марстын күнү Жерге караганда 40 мүнөткө узун.
НАСА, аппараттын 3000-күнүн аякташынын урматына өз сайтына Curioisty тарабынан 2020-жылдын 18-ноябрында тартылган фотосүрөттөрдүн коллажын жарыялады.
Панорама Curiosity 2014-жылдын сентябрь айынан бери чокусуна чыгып бара жаткан Sharp аймагындагы тоо тектерин чагылдырууда.
2011-жылы космоско учурулган Curiosity 2012-жылы Марстагы Гейл кратерине конгон.
9 жылдык чалгындоо иштеринде изилдөөчү робот Кызыл планетанын илгери микробиологиялык жашоого кожоюндук кылышы болушу мүмкүн деген көптөгөн далилдерди топтоду.