Түркия менен Грециянын ортосундагы чалгындоо сүйлөшүүлөрү кайрадан башталат

Мортон, чалгындоо сүйлөшүүлөрү Чыгыш Жер Ортолук деңизинде туруктуулукту орнотууга жардам берет деп билдирди.

1562741
Түркия менен Грециянын ортосундагы чалгындоо сүйлөшүүлөрү кайрадан башталат

Британиянын Европа боюнча мамлекеттик министри Венди Мортон, Түркия менен Грециянын ортосундагы чалгындоо сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан баштала турган болушун кубатташканын айтты.

Мортон, чалгындоо сүйлөшүүлөрү Чыгыш Жер Ортолук деңизинде туруктуулукту орнотууга жардам берет деп билдирди.

Венди Мортон Твиттердеги аккаунтунан жарыялаган билдирүүсүндө,Түркия менен Греция "НАТОдогу күчтүү союздаштар жана Британиянын жакын досу" деп сыпаттады.

Греция менен Түркиянын ортосундагы чалгындоо сүйлөшүүлөрүнүн 61-айлампасынын 25-январда Стамбулда өткөрүлө турганы кабарланган эле.



Тектеш кабарлар