Трамптын YouTube аккаунту да блоктолду
Трамптын YouTube аккаунтунда 2,77 миллион жазылуучусу болгон.
1562644
АКШ Конгрессиндеги окуяларга байланыштуу Facebook жана Twitterден кийин Google да АКШнын президенти Дональд Трамптын YouTube аккаунтун убактылуу токтотту.
Трамптын YouTube аккаунтунда 2,77 миллион жазылуучусу болгон.
Компаниянын кадамы менен Трамп 7 күн бою сайтка видео жүктөй албайт.
Социалдык медиа сайттары Twitter менен Facebook дагы Трамптын аккаунтун убактылуу токтотушкан болчу.