Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 2 миллионго чукулдап баратат

Вирусту жуктуруп алгандардын саны 90 миллион 179 миңден, ал эми айыккандардын саны 64 миллион 579 миңден ашты.

1560834
Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 2 миллионго чукулдап баратат
korona ingiltere 02.jpg
korona ingiltere 01.jpeg
Papa Franciscus.jpg
Edi Rama_covid aşısı_sağlık çalışanları_4.jpg
covid SPR.jpg

Дүйнө жүзүндө Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 936 миң 670тен ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 90 миллион 179 миңден, ал эми айыккандардын саны 64 миллион 579 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) эпидемиядан улам каза болгондордун саны 381 миң 480ге чейин, ал эми жуктуруп алгандардын саны 22 миллион 699 миң 938 адамга жетти.

Ковид-19дан каза болгондордун саны 80 миң 868 деп катталган Англия Италиядан ашып, Европада эң көп жоготууларга учураган өлкө болуп калды. Илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 17 миң 409га чейин көбөйгөн. Ковид-19 вакцинасы ханыша Елизавета IIге жана анын жолдошу Эдинбург герцогу Филиппке берилгени маалым болду.

Францияда адамдардын өлүмү 67 миң 599га, ал эми вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 767 миң 312ге чейин көбөйгөн.

Мексикада коронавирустун айынан көз жумган адамдардын саны 133 миң 204, ал эми жуктургандардын саны 1 миллион 524 миң 36 болду.

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск Ковид-19 вакцинасын алаарын айтты. Папа, эмдөө эмки жумада Ватиканда башталаарын белгилеп, «Мен да өзүмдү жаздым. Эмдөө жасалышы керек» деди.

Бельгияда коронавирустун айынан көз жумган адамдардын саны 20 миң 38ге жетти. Өлкөдө эпидемия башталгандан бери вирус жуктуруп алгандардын саны 662 миң 694 болду.

Ковид-19дан айрым башка өлкөлөрдө жоготуулар төмөнкүчө:

Бразилия (202 миң 657), Италия (78 миң 394), Испания (51 миң 874), Колумбия (45 миң 784), Аргентина (44 миң 417), Германия (41 миң 61), Перу (38 миң 213), Польша (31 миң 189), Украина (19 миң 767), Чили (17 миң 37), Канада (16 миң 833), Румыния (16 миң 654), Эквадор (14 миң 177), Чехия (13 миң 115), Нидерланды ( 12 миң 307), Венгрия (10 миң 648).

Индияда эпидемияда каза болгондордун саны 151 миң 63кө, ал эми жуктургандардын саны 10 миллион 452 миң 403кө жетти.

Россияда акыркы 24 саатта вирустун айынан каза болгондордун саны 456га көбөйүп, 61 миң 837ге жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 22 миң 851ге көбөйүп, 3 миллион 401 миңге жетти.

Кытайдын материк аймагында акыркы 24 сааттын ичинде 69 жаңы Ковид-19 учуру аныкталды, анын 21и чет өлкөдөн келген. Кытайда ушул күнгө чейин 4 миң 634 адам каза болуп, 87 миң 433 учур аныкталды. Бийлик Хебей провинциясындагы Шицзяуанг жана Шингтай шаарларынын тургундарына «7 күн бою үйлөрүнөн чыкпагыла» деп эскертти. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан Жынг Жонгвей, Ковид-19 вакциналары өлкөдө бекер болорун жарыялады. Мындан тышкары, расмийлер баш калаа Пекин менен Хэбэйдин ортосунда саякаттоого чектөө киргизилгенин жарыялады.

Түштүк Кореяда акыркы сутка ичинде 25 адам каза болуп, вирустун айынан каза болгондордун саны 125 миңге жетти. Өлкөдө жуктурган учурлардын саны бир күндө 665ке көбөйүп, 68 миң 664кө жетти.

Ковид-19дан улам адам өлүмү 4 миң 35 деп катталган Жапонияда, вирусту жуктуруп алгандардын саны 283 миң 385 болду. Премьер-министр Суга Йошихидэ учурлар көбөйгөн Осака жана Киото провинцияларында өзгөчө кырдаал (OHAL) киргизилиши мүмкүн деди.

3 миң 651 адам вирустан каза болуп, оорулардын саны 487 миңден ашкан Израилде премьер-министр Беньямин Нетаньяху жана Саламаттыкты сактоо министри Юли Эдельштейнге Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынын экинчи дозасы берилди. Ковид-19 вакцинасы марттын аягына чейин 16 жаштан жогорку бардык израилдиктерге бериле тургандыгын эске салган Нетаньяху, экинчи дозасы бар израилдиктерге эмдөөдөн 2 жумадан кийин «жашыл паспорт» берилээрин айтты. Бул паспортту алгандарга маданий иш-чараларга катышууга, ресторандарда тамактанууга жана вирус алып жүргөн адам менен байланышта болсо дагы карантинден бошотулат.

Газада Ковид-19 иш-чараларынын алкагында бир айдан ашык убакытка жабык болгон мечиттер, жума жана ишемби күндөрүнөн тышкары, сыйынуу үчүн ачылды. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча эпидемиянын кесепетинен Газада адамдардын өлүмү 441ге чейин жогорулады, ал эми оорулардын саны 45 миңден ашты.

Африка континентинде вирустун айынан 72 миң 216 адам каза болду. Континенттеги оорулардын саны 3 миллион 37 миң 7 болду. Каза болгондордун жана оорулардын эң көп саны Түштүк Африка, Марокко, Тунис жана Египетте катталган.

Ковид-19дан улам, кээ бир башка өлкөлөрдөгү жоготуулар төмөнкүчө:

Иран (56 миң 171), Түштүк Африка (32 миң 824), Индонезия (24 миң 129), Ирак (12 миң 881), Пакистан (10 миң 644), Филиппиндер (9 миң 405), Бангладеш (7 миң 781), Сауд Аравиясы (6 миң 286).



Тектеш кабарлар