Түндүк Корея лидеринин өзкөтүк курал менен коркутуусу

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өнүгүп жаткан жогорку технологиялуу курал системаларынын тизмесин жарыялап, өзөктүк курал кампасын күчтөндүрүү менен коркутту.

1560306
Түндүк Корея лидеринин өзкөтүк курал менен коркутуусу

 Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өнүгүп жаткан жогорку технологиялуу курал системаларынын тизмесин жарыялап, өзөктүк курал кампасын күчтөндүрүү менен коркутту.

Корея Борбордук Маалымат Агенттигинин кабарына караганда борбор шаар Пхеньянда 5 жылдан кийин өткөрүлгөн Корея жумушчу партиясынын 8 -  Конгрессинде сөз сүйлөгөн Ким Чен Ын Вашингтон менен диалогго ачык экендигин бирок Түндүк Кореянын АКШ душмандыгы менен күрөшүшү үчүн аскердик жана өзөктүк  көлөмүн дагы да күчтөндүрүү керектигин айтты.

Ким сөзүндө АКШнын Түндүк Кореянын «негизги душманы» экендигин кайталап : «АКШда ким кызматка келсе келсин өлкөнүн негизги түзүлүшү жана душмандык саясаты эч качан өзгөрбөйт»,- деди.

АКШ менен жаңы карым  - катнаштарды куруунун Вашингтондун душмандык саясатын улантып же улантпай тургандыгына байланыштуу экенин айткан Ким душман күчтөрү өзөктүк куралдарын колдонбосо өзөктүк куралдардын колдонулбай тургандыгын айтты.

Ким Конгресстин ачылышында өлкөнүн дээрлик бардык тармактарынын экономикалык өнүгүү пландарынан артта калгандыгын белгилеп 2016 -  жылы белгиленген 5 жылдык өнүгүү планын ийгиликсиз болгондугун моюнга алды.

Башкаруусу кездешкен кыйынчылыктарды «ушул кезге чейинки эң начар жана күтүлбөгөн» нерсе катары анализдеген Ким 5 жылдык жаңы бир план түзүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар