АКШда демонстранттар Конгресс имаратын басып алып,көп сандаган киши жаракат алды...

Шаарда (кечээ) жергиликтүү убакыт боюнча саат 18: 00дөн кийин коменданттык саат жарыяланды.

1558823
АКШда демонстранттар Конгресс имаратын басып алып,көп сандаган киши жаракат алды...
abd beyaz saray gösteriler
000_8YA6XJ.jpg
abd gosteriler

Президент Дональд Трамптын тарапкерлери Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондогу Конгресстин имаратына кирип баргандан кийин башталган окуяларда көптөгөн полиция кызматкерлери жана нааразы болгон бир аял жаракат алышты.

Шаарда (кечээ) жергиликтүү убакыт боюнча саат 18: 00дөн кийин коменданттык саат жарыяланды.

Борбор калаада демонстрацияга чыккан Трамптын айрым тарапкерлери полиция тосмосун бузуп, Конгресстин имаратына киришти.

Имаратка кирген демонстранттарга полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишкен. Имараттагы мушташтан бир аял мылтыктан жаракат алган. Жаракат алган аялдын абалы оор экени маалымдалды.

Коопсуздук күчтөрү ошондой эле Конгресстин имаратынын жанынан жардыргыч заттар табылып, зыянсыздандырылганын жарыялады.

Бул окуялардан кийин Жо Байдендин президент болуп шайлануусу менен бекитиле турган Конгресстин сессиясы токтотулуп, сессияны жетектеген вице-президент Майк Пенс имараттан чыгарылды. Бир аз убакыттан кийин жасаган билдирүүсүндө Пенс, «Конгресс имаратындагы окуяларды токтотууга» чакырып, зордук-зомбулукка жол берилбейт деп билдирди.

Андан соң сенаторлор имараттан чыгарылды.

Окуяларда көптөгөн полиция кызматкерлери жаракат алганы жарыяланды.

Шайланган президент Жо Байден маалымат жыйынын өткөрүп, «АКШ демократиясына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө» каршы чабуулдарды токтотууга чакырды.

Байден Трампты «Ал камералардын алдына барышы керек, курчоону токтотушу керек (жыйын имаратында)» деп чакырды.

Пенсильвания штатынын губернатору Том Вульф демонстранттардын борбор шаар Вашингтондогу Конгресстин имаратына киришин «төңкөрүш аракети» деп мүнөздөдү.

Бул окуялардан кийин Трамп Улуттук Гвардияга «Конгресстин имаратындагы окуяларга кийлигишүүнү» тапшырды.

Дональд Трамп социалдык медиа тармактарда жасаган билдирүүсү менен демонстранттарды «тынчтыкты сактоого» чакырды. Тирешүү күчөп кеткенден кийин, Дональд Трамп: «Алар шайлоону бизден уурдап алышты, эми силер үйүңөргө кетишиңер керек»,- деп бөлүштү.

Президент Трамп нааразычылык акциялары башталганга чейин жасаган билдирүүсүндө, президенттик шайлоодо алган жеңилүүсүн кабыл албай тургандыгын жана күрөштү токтотпой тургандыгын айтты.

Трамп, 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын бекитүү максаты менен уюштурулган Конгресс отуруму үчүн Вашингтондо чогулган колдоочуларына ок өткүс айнектин артынан кайрылып, «Демократтардын шайлоолорду бурмалаганы» жөнүндөгү айтымдарын уланткан.

Трамп шайлоолорду чындыгында жеңген өзү болгонун жактап, «Эч качан жеңилүүнү кабыл албаймын, тайсалдабаймын»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар