Грузияда токой өрттөрү

Акыркы 24 сааттын ичинде 234 жерде токой өрттөрүнүн катталганы белгиленди.

1558537
Грузияда токой өрттөрү

Грузиянын 5 аймагында 234 жерде токой өрттөрү чыкты.

Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын администрациясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Самегрело, Имерети, Ажара, Рача Лечхуми-Квемо Сванети жана Шида Картли аймактарында акыркы 24 сааттын ичинде 234 жерде токой өрттөрүнүн катталганы белгиленди.

Өлкө боюнча жүздөгөн өрт өчүргүчтөрдүн өрттү өчүрүү иштерине катышкандыгы кабарланган билдирүүдө, 223 жердеги өрт өчүрүлүп, 11 жерде болсо өчүрүү иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган жана Россиянын колдоосун алган Абхазиядада кечээ башталган токой өрттөрү уланып жатат.

Грузин ММКларындагы маалыматтарга караганда, Абхазиянын Гали аймагындагы токой өрттөрү учурунда бир нече үй жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар