АКШда коопсуздук күчтөрү дүрбөлөңгө түштү; Вашингтондо Трамп жүрүшү...

Шайлоонун жыйынтыгы чыгарыла турган Конгресс сессиясынын алдында президент Дональд Трамптын тарапкерлери көчөгө чыгышты.

1558732
АКШда коопсуздук күчтөрү дүрбөлөңгө түштү; Вашингтондо Трамп жүрүшү...

 

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси (АКШ) 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бүгүн расмий жарыялайт.

АКШда президенттик шайлоо аяктады, бирок таймаштар бүтө элек.

Шайлоонун жыйынтыгы чыгарыла турган Конгресс сессиясынын алдында президент Дональд Трамптын тарапкерлери көчөгө чыгышты.

Трамптын тарапкерлери борбор шаар Вашингтондо чоң демонстрацияга даярданып жатышат.

«Трамп үчүн басуу» деп аталган демонстрация үчүн кеңири коопсуздук чаралары көрүлдү. Аймакка Улуттук гвардиянын аскерлери чакырылган.

Ак үй менен Конгресстин ортосундагы жолдордун дээрлик бардыгы унаа кыймылы үчүн жабылган.

Демонстрацияны ашкере оңчул Proud Boys тобу уюштурууда. Топтун лидери Энрике Таррионун шаарга кирүүсүнө тыюу салынган.

Полиция уюму дагы «Биздин шаарга куралчан келүүнү каалагандар бар» деген билдирүү жасады.

Президент Трамп өзүнүн социалдык медиа эсебинен тарапташтарын демонстрацияга чакырды.

«Мен ал жакта болом» деген Трамп, «Бул тарыхый күн!» деген сөздөрдү жазды. Трамп демонстрацияда сөз сүйлөөрүн жарыялады.



Тектеш кабарлар