Пакистандагы жанкечтилик кол салуунун кесепети

Кол салууну террордук уюм ПКК мойнуна алды.

548251
Пакистандагы жанкечтилик кол салуунун кесепети

Пакистандын Кветта шаарындагы бир ооруканага болгон жанкечтилик кол салуудан каза тапкандардын саны 70тен ашты.  

112 киши жаракат алган Кветтадагы бул жардыруу, куралдуу кол салууга дуушар болгон адвокаттын ооруканага алынып барылышынан кыска мөөнөттөн кийин болгон.

Каза болгон жана жаракат алгандардын көбү жаралуу адвокатты көрүү үчүн барган адвокат жана журналисттерден турат.

Полиция жардыруунун жанкечтилик кол салуу экенин билдирди.

Кол салууну террордук уюм ПКК мойнуна алды.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен кол салууну айыптады.

Шариф карапайым адамдардын каза болушуна катуу капа болгондугун сөз кылды.



Тектеш кабарлар