Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң кымбат балы.

1619648
Буларды билесиздерби?

Дүйнөдөгү эң кымбат балдын Түркиядан чыгарын билесиздерби?

Түркиядагы эл отурукташкан аймактардан жана башка аары колонияларынан алыс - деңиз деңгээлинен 2 500 метр бийиктиктеги үңкүрдөн чыгарылган “кентаври балы” килограммы 10 000 евродон сатылган дүйнөдөгү эң кымбат бал катары Гиннесс рекорддор китебине кирген.

Түркияда Жер Ортолук деңиз жана Эгей аймактарынын жогорку жактарында өскөн сары кекире гүлү дүйнөдөгү эң кымбат балдын булагы болуп саналат. Негизи аарычылык тажрыйбаларында бал жылына 2-3 жолу алынса, “Кентаври балы” жылына бир гана жолу алынат. Кадыресе балдарга караганда таптакыр башкача кочкул түстөгү жана даамы ачуу болгон бул бал - курамындагы магний, калий, фенол, флавоноиддер жана антиоксиданттары менен көп дарылык касиеттерге ээ. Курамындагы аралашманын үлгүлөрү Түркия илимий кеңешине жиберилип, сапаты жана баалуулугу текшерилгенден кийин гана эң жогорку сапаттагы продукция жыйналып алынат.



Тектеш кабарлар