Буларды билесиздерби?

Стамбулдун мышыктары.

2081064
Буларды билесиздерби?

Тарыхый Стамбул шаарынын мышыктары менен да белгилүү экендигин билесиздерби?

Миңдеген жылдык тарыхы бар, империяларга үй ээлик кылган көркөмдүү Стамбул тарыхый жана маданий баалуулуктары, табигый сулуулуктары менен бирге мышыктары менен да белгилүү шаар. Бирок Стамбулга таандык бир мышык түрү деп ойлобоңуз. Бул шаарда күтүлбөгөн жерден алдыңызга чыгышы мүмкүн болгон мышыктардан сөз кылып жатабыз.

Эл аралык илимий эмгектер бардык мышыктардын Анадолу жана Египет тектүү экендигин көрсөтүүдө. Анадолуда бир аңчы сыяктуу азыктанган мышыктар Осмон империясы мезгилинде шаар турмушуна ылайыкташып жана Стамбулда ылдам өскөн калк саны шаарда бир «мышык маданиятын» жаратты. Ушундайча  мышыктар күнүмдүк турмуштун баш тартылгыс бир бөлүгү болушту Стамбулда. Осмон империясы доорунда көчөдөгү жаныбарлар коргоого алынып, адамдарды буга үндөгөн, муктаж адамдар менен бирге ит-мышыктарга да тамак берилип турган. Ал түгүл  кароосуз калган жаныбарларды багып, коргоо үчүн да фонддор түзүлгөн. Бүгүнкү күндө жаныбарларды короочу жайлар жана алардын кызматкерлери, ошондой эле миңдеген ыктыярчылар бул милдетти улантууда.

Ошол  эле мезгилде Осмон империясы жаныбарлар тууралуу мыйзам чыгарган алгачкы өлкө. 16 -  кылымда даярдалган мыйзам боюнча картайган малдарды оор иштерде иштетүүгө тыюу салынган. Осмон империясында кароосуз калган жаныбарларга мурас калтырган адамдар да болгон.

Аясофиянын мышыгы Гли Стамбулдун жана балким да дүйнөнүн эң белгилүү мышыгы болсо керек. 2004 -  жылы Аясофияда кароолчунун үйүнүн алдында туулган үч мыймыдын биир болгон Гли 2020 -  жылы өлгөнгө чейин  Аясофияда жашады жана келген зыяратчылардын көңүлүн бурду. Социалдык медиада  жүз миңден ашуун катталуучусу болгон мышык Аясофиянын көркөмдүү архитектурасын көрсөткөн миңдеген фотографияда да орун алды.

Стамбул мышыктарын дагы жакшы таанууну кааласаңыз 2016 -  жылы курулган Жейда Торун тарткан «Мышык» даректүү тасмасын көрүүнү сунуш кылабыз.

 



Тектеш кабарлар