Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш эл аралык фонддун түзүлүшү керектигин айтты

Түркиянын гуманитардык жардамдар тууралуу өзгөчө мигранттарга байланыштуу көп жардам берген өлкө экендигин айткан Куртулмуш : «Миграция тууралуу чоң тажрыйбага ээ экенибизди айта аламын»,- деди.

2136384
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Куртулмуш эл аралык фонддун түзүлүшү керектигин айтты

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш миграциянын кесепеттерин жоюу үчүн эл аралык фонддун түзүлүшү керектигин айтты.

Нуман Куртулмуш Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиядан турган MIKTAнын Мексиканын борбор шаары Мехикодо өткөрүлгөн «Эл аралык миграция агымынын көбөйүшүн эске алуу менен адам укуктарын кантип камсыз кылуу керек» деп аталган  парламент спикерлеринин 10 - жыйынына катышты жана 4 - сессияга жетекчилик кылды.

Куртулмуш Түркиянын өзгөчө 2014 - жылдан бери эң көп качкынды кабыл алган өлкө болгонун айтты.

Түркиянын гуманитардык жардамдар тууралуу өзгөчө мигранттарга байланыштуу көп жардам берген өлкө экендигин айткан Куртулмуш : «Миграция тууралуу чоң тажрыйбага ээ экенибизди айта аламын»,- деди.

Миграция маселесин жалгыз карап чыгуунун жаңылыш экендигин баса белгилеген Куртулмуш : «Миграция – бул жалгыз себеп эмес, бирок адамзатка коркунуч туудурган көптөгөн себептерден келип чыккан оор жыйынтык»,- деди.

Нуман Куртулмуш эл аралык коомчулуктун миграция маселесин алдын алуу үчүн эл аралык миграцияны алдын алуу мекемелерин  жана алардын бюджеттерин түзүү сыяктуу зарылчылыктын бар экендигин  белгилеп : «Миграциянын кесепеттерин жоюу үчүн эл аралык фонд түзүү жана өлкөлөр бул фондду өздөрүнүн байлык деңгээлине жараша улуттук дүң продукциясынын белгилүү бир ченинде колдоосу адамзаттык милдет. Биз буга шарт түзүп, миграция тууралуу  жаңы ыкмаларды киргизишибиз керек»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар