Израиль-Иран чыңалуусуна байланыштуу Түркиянын билдирүүсү

Тышкы иштер министрлиги, Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады.

2129883
Израиль-Иран чыңалуусуна байланыштуу Түркиянын билдирүүсү

Түркия Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун туруктуу кагылышууга айланып кетүү коркунучу бар экенин эскертти.

Тышкы иштер министрлиги, Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израилдин 1-апрелде Ирандын Дамасктагы элчилигине эл аралык укукка туура келбеген кол салуусу менен башталган чыңалуу эске салынып, акыркы абалдардан кийин кырдаалдын туруктуу кагылышууга айланып кетүү коркунучу бар экени баса белгиленди.

Окуялардын кылдаттык менен байкалып жатканы айтылган билдирүүдө: «Бардык тараптарды чоң чыр-чатакка алып келе турчу кадамдардан алыс болууга чакырабыз»,- делди.

Эл аралык коомчулукка да чакырык салынган билдирүүдө: «Эл аралык коомчулуктун приоритети Газадагы кыргынды токтотуу жана Палестина мамлекетин түзүү менен аймагыбызда туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу болушу керек» деген сөздөр камтылды.

Ирандын маалымат каражаттары, Ирандын аба күчтөрүнүн базасы жайгашкан Исфахан провинциясынын түндүк-чыгышында жардыруунун үндөрүнүн угулганын жарыялашкан.

Исфахан провинциясында жардыруунун үндөрүнөн кийин борбор шаар Тегеран, Исфахан жана Шираз жана Ирандын айрым аймактарында аба каттамдарынын токтотулганы кабарланган.

Америкалык маалымат каражаттары, Израилдин Ирандын аймагына чабуул жасаганын жазып чыккан.



Тектеш кабарлар