Финляндия менен Швеция Түркияга колдоо көрсөтүшөт

Финляндия менен Швеция террордун бардык түрү жана көрүнүштөрүнө каршы күрөштө Түркия менен толук тилектештик жана кызматташтыкты көрсөтө тургандарын дагы бир жолу баса белгилешти.

2134769
Финляндия менен Швеция Түркияга колдоо көрсөтүшөт

Финляндия менен Швеция террордун бардык түрү менен күрөштө Түркия менен толук тилектештик жана кызматташтыкты көрсөтө тургандарын дагы бир жолу баса белгилешти.

Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде Түркия, Финляндия жана Швециядан келген делегациялар катышкан 6-Туруктуу биргелешкен механизм жыйыны өттү.

Жыйында түрк делегациясын президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч жетектеди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө үч тараптуу меморандумда кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы боюнча учурдагы абалга баа берилди. Ташталышы керек болгон  кадамдар боюнча кеңири кеңешме өткөрүлдү.

Финляндия менен Швециянын делегациялары терроризмдин бардык формаларына  каршы күрөштө Түркия менен толук тилектештик жана кызматташтыкты көрсөтө тургандарын дагы бир жолу баса белгилешти.

Айрыкча эки өлкө террордук уюм ПКК менен Түркияга болгон коркунучтарга каршы күрөшкө ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандарын билдиришти.

Туруктуу биргелешкен механизм Түркия, Финляндия жана Швециянын ортосунда 2022-жылы Испаниянын борбор шаары Мадридде үч тараптуу меморандум менен түзүлүп, эки өлкө НАТОго мүчө болгонго чейин 5 жолу жолугушкан.

Бул жыйын Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүккө кабыл алынгандан кийинки биринчи жыйын. Кийинки жолугушуу Швециянын борбору Стокгольмдо өтөт.

 



Тектеш кабарлар