Министр Эрсой Афинада грек кесиптеши менен жолугушту

Эки министр Акрополь музейин кыдырып, бул жерде өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкка баа беришти.

2140791
Министр Эрсой Афинада грек кесиптеши менен жолугушту

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Грециянын маданият министри Лина Мендони «Ромео жана Джульетта» спектаклин чогуу көрүштү.

Мендонинин чакыруусу менен Афинага барган Эрсой эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Эки министр Акрополь музейин кыдырып, бул жерде өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкка баа беришти.

Эрсой түрк жана грек маданиятынын көптөгөн орток элементтерге ээ экенине көңүлдөрдү буруп : «Ар бир сапарыбызда бул орток маданият аң  - сезими айкын болууда. Эки лидердин  (президент Режеп Таййип Эрдоган жана Грециянын премьер  - министри Кириакос Мицотакис) ортосунда акыркы учурларда өткөрүлгөн жолугушуулардын натыйжасында Түркия  -  Греция карым  - катнаштарынын позитивдүү күн тартиби менен дагы көп алдыңкы планга чыгуу чечими карым  - катнаштардагы бул оң атмосферага да ылдам таасирин тийгизди»,- деди.

Эрсой туризм тармагында кызматташуу үчүн ташталган кадамдардын эки өлкөнүн элинин бири-бирине болгон сапарларын ылдамдаткандыгын белгилеп : "Бүгүн эки тараптуу жолугушууларыбызда эки өлкөнүн ортосундагы маданий иш-чараларды дагы да арттырууну чечтик. Бул боюнча абдан кыска убакытта кадам таштайбыз",-  деди.

Мендони болсо Эрсойдун Мицотакис менен Эрдогандын дүйшөмбү күнү борбор шаар Анкарадагы жолугушуусунан кийин Грецияга сапарынын эки лидердин ортосунда түзүлгөн оң маанайдын уландысы экендигин белгиледи.

Кечинде эки министр Мегаро музыкалык маданият жана искусство борборунда түрк жана грек өнөрпоздору менен биргеликте сахналаштырылган «Ромео жана Джульетта» спектаклин көрүштү.

Түрк, англис жана грек тилинде коюлган оюн 19 -  майга чейин Megaro Musikiде искусство сүйүүчүлөр менен жолугушат.

 

 

 



Тектеш кабарлар