Антальядан жаңы туризм рекорду

259 миң 717 турист менен апрель айында Германия биринчи орун ээледи.

2134458
Антальядан жаңы туризм рекорду

Туризмдин негизги облустарынын бири Анталья жаңы рекорд койду.

Апрель айында Антальяга келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,86 ​​пайыздык өсүү менен 1 миллион 61 миң 26га жетти.

Бул апрель айларындагы эң жогорку көрсөткүч болду.

259 миң 717 турист менен апрель айында Германия биринчи орун ээледи. Андан кийин 194 миң 949 турист менен Орусия жана 141 миң 497 турист менен Британия турат.



Тектеш кабарлар