Түркия UNRWны колдоого чакырды

Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз БУУнун Коопсуздук Кеңешинде UNRWга байланыштуу отурумда сөз сүйлөдү.

2129367
Түркия UNRWны колдоого чакырды

Түркия эл аралык коомчулукту БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRW) колдоо берүүгө чакырды.

Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз БУУнун Коопсуздук Кеңешинде UNRWга байланыштуу отурумда сөз сүйлөдү.

7 -  октябрдан бери Израиль кол салуулары уланып жаткан Газада адамдардын ачкачылыктан каза болгонуна көңүл бурган Йылдыз эл аралык коомчулукту Газада  Палестина каршы чыгуу кыймылы Хамас менен Израилдин ортосунда ок атышпоо үчүн аракетке өтүүгө чакырды.

Йылдыз : «Газа заманбап доордун эң чоң адам ресурстары апааты менен бетме  - бет. Дароо ок атышпоону талап кылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдери жана эл аралык Адилеттик кеңешинин чаралары ишке ашырылышы керек. Эл аралык мыйзам Израиль тарабынан бузулууда»,- деди.

Министрдин орун басары Йылдыз UNRWAнын бул чөйрөдө палестиналыктар үчүн үмүт  экенин белгилеп, Түркиянын агенттикке колдоосуна басым жасады.

Йылдыз Израилди бул агенттикти каралоо аракетин сынга алып, эл аралык коомчулуктан агенттикти коргоосун суранды.

Ахмет Йылдыз : «UNRWAга колдообуз бекем. Бардык мүчө мамлекеттерге UNRWAнын орчундуу иштерин улантуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар