Дүйнөлүк банктан Түркияга мактоо

Лопес айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мехмет Өзхасекинин катышуусунда Түркия көмүртек рыногун өнүктүрүү долбоорунун ачылышында сөз сүйлөдү.

2133967
Дүйнөлүк банктан Түркияга мактоо

Дүйнөлүк банктын Түркия директору Хумберто Лопес Түркиянын климаттык өзгөрүү жаатындагы иштерин мактады.

Лопес айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мехмет Өзхасекинин катышуусунда Түркия көмүртек рыногун өнүктүрүү долбоорунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Рынок өнөктөштүгү үчүн ишке ашыруу программасын баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун кабарлаган Лопес, Түркиянын климаттын өзгөрүшү жаатында жүргүзгөн иштериндеги жетекчилигин да куттуктай тургандарын билдирди.

Түркиянын климаттык өзгөрүүнү чечүүгө карай таштаган кадамдарына жана бул тармактагы лидерлигине көңүлдөрдү бурган Лопес: «Менин оюмча, бул темада кылган ишиңиз эле эмес, өлкө катары көрсөткөн лидерлигиңиз да байкалышы керек. Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри (Мехмет Өзхасеки) да мактоого арзырлык»,-деп айтты.

Лопес Түркиянын жаңылануучу энергия демилгелерине көңүл буруп, бул демилге пландарынын абдан оң экенин жана климаттын өзгөрүүсүнүн чечилишине салым кошо ала турганын белгиледи.

Лопес Дүйнөлүк банктын Түркиянын алдыбыздагы 3 жылда бул тармактагы иш-аракеттери үчүн 18 миллиард долларлык пакет жарыялаганын, мунун 12 миллиард долларынын жеке секторду колдоо үчүн бөлүнгөнүн маалымдады.

Токой өрттөрү менен күрөшүүгө да колдоо көрсөтүү программалары бар экенин айткан Лопес; сууну пайдалануу, кургакчылык, суу ташкыны сыяктуу темаларда да иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар