Калын Сомалинин президенти менен жолугушту

Бул тууралуу Сомалинин Президенттигинен маалымат берилди.

2134047
Калын Сомалинин президенти менен жолугушту

Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын, Сомалинин борбор шаары Могадишого болгон сапарында Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд тарабынан кабыл алынды.

Сомалинин Президенттигинин билдирүүсүнө караганда MİT төрагасы Калын Могадишого барып, Сомалинин президенти Махмуд жана Улуттук чалгындоо жана коопсуздук агенттигинин (NISA) төрагасы Абдуллахи Мохамед Али менен Сомалинин Президенттик резиденциясында жолугушту.

Коопсуздук жана чалгындоо тармагында Эш-Шебаб террордук уюму менен күрөшүү аракеттери талкууланган жыйында Түркия менен Сомалинин ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү жана аймактык ырааттуулуктун бекемделиши тууралуу пикир алмашылды.

Сомалинин президенти Махмуд жолугушууда Сомали өкмөтүнүн коопсуздук темасында, өзгөчө терроризмге каршы күрөштө эки өлкөнүн кызматташтыгына артыкчылык бергенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар