"Гамбург" круиздик кеме Антальяда

Кемеден түшкөн жүргүнчүлөр Антальянын туристтик жана тарыхый жерлерин кыдырып соода кылышты.

2122165
"Гамбург" круиздик кеме Антальяда

Багама желектүү "Гамбург" круиздик кемеси 310 жүргүнчү жана 170 экипажы менен Антальяга келди.

144 метр узундуктагы, 15 миң 67 гросс тонналык «Гамбург» аттуу люкс круиздик кеме QTerminals Анталья портуна токтоду.

Кемеден түшкөн жүргүнчүлөр Антальянын туристтик жана тарыхый жерлерин кыдырып соода кылышты.

QTerminals Анталья башкы директору Өзгүр Серт: «Сыйымдуулугубуз, коопсуздук чараларыбыз жана логистикалык тармактарыбыз менен сектордогу эң мыкты кызматты көрсөткөн порттордун бирибиз. Сапаттуу, коопсуз жана ылдам кызмат көрсөтүү принциптери менен региондун дүйнөлүк соода жана туризм дарбазасы катары кардарларыбызга жогорку тейлөө стандарттарын тартуулоодобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар