Түрк Кызылайы Азербайжандагы муктаждарга жардам кутусун таратты

Түрк Кызылайынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Сарылар аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын ар дайым Азербайжан менен бирге болгонун, бул биримдикти түбөлүккө уланта тургандарын айтты.

2121736
Түрк Кызылайы Азербайжандагы муктаждарга жардам кутусун таратты

Түрк Кызылайынын Рамазан жардамынын алкагында Азербайжанда 500 үй-бүлөгө жардам пакеттери таратыла баштады.

Түрк Кызылайы тарабынан даярдалган азык-түлүк пакеттери Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, Түрк Кызылайынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Мустафа Сарылар жана азербайжандык жооптуу кызматкерлер катышкан аземден кийин Азербайжан Кызылайынын ыктыярчыларынын салымы менен муктаж болгондорго жеткирилди.

Түрк Кызылайынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Сарылар аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын ар дайым Азербайжан менен бирге болгонун, бул биримдикти түбөлүккө уланта тургандарын айтты.

Сарылар: «Түрк Кызылайы жыл сайын дүйнөдө болжол менен 8,8 миллион кишиге жетет жана анда 500 миллион доллар сарптайбыз»,-деди. 

Түркиянын Бакудагы элчиси Багжы да Түркиянын жардамын дос жана боордош өлкөлөргө жеткирген Түрк Кызылайына ыраазычылык билдирди.

Түрк Кызылайынын Азербайжанга көрсөткөн жардамынын символикалык мааниси бар экенин белгилеген Багжы, Түрк Кызылайынын жана Түркиянын башка бейөкмөт уюмдарынын дүйнөнүн бардык жеринде эзилгендердин жанында турганын баса белгиледи.

Быйыл Газага көбүрөөк көңүл бурушкандарын белгилеген Багжы : «35 миңге жакын мусулмандын каны төгүлгөн, карапайым калк туш келди бомбаланган мыкаачылыкты баштан кечирип жатабыз жана бул зулумдукка эң ачык түрдө каршы турган өлкө Түркия. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан убактылуу ок атышпоо чечими чыгарылды.Бул чечимдин туруктуу болушу үчүн аракет кылуудабыз. Түркия тынчтык жана эки мамлекеттүү чечим үчүн Палестинаны колдоону улантат",-деп айтты.



Тектеш кабарлар