Карадаги: «Баскынга каршы туруу террор эмес»
Карадаги Стамбулда өткөрүлгөн Парламенттер аралык Кудс платформасынын 5-конференциясында сөз сүйлөдү.
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин баш катчысы Али Мухйиддин аль-Карадаги Израилдин баскынчылыгына каршы чыгуунун терроризм эмес экенин айтты.
Карадаги Стамбулда өткөрүлгөн Парламенттер аралык Кудс платформасынын 5-конференциясында сүйлөгөн сөзүндө: «Баскынга каршы туруу эл аралык укукта да, кудайлык мыйзамда да террор эмес экенин катуу айтышыбыз керек. Бул биздин урааныбыз болсун, анткени душман жана анын шериктери 7-октябрда болгон окуяны терроризм деп эсептеп, муну кабыл алдырууга аракет кылууда»,-деди.
Палестина элинин, өзгөчө Газадагы палестиналыктардын тынчтык жана коопсуздуктан толугу менен ажыраганына көңүл бурган Карадаги : «Сионист баскынчылар баарын жок кылышты»,-деп айтты.
Карадаги Израилдин Палестина элине кыргын салуусунан кийин: «Бүткүл адамзаттык баалуулуктар, эл аралык мыйзамдар, Бириккен Улуттар Уюму курулган эл аралык нормалар жана максаттар толугу менен кыйрады»,-деди.
Дүйнөнүн тынчтык жана адилеттикти орното турган жаңы тартипке муктаж экенине көңүл бурган Карадаги президент Режеп Таййип Эрдогандын «Дүйнө 5тен чоң» деген сөзүнө көңүл буруп: «Албетте, 7 миллиард бир миллиардды дагы түзбөгөн 5 өлкөдөн алда канча чоң»,-деп айтты.