Президент Эрдоган Бурсада сөз сүйлөдү

Адилеттик жана өнүгүү партиясын да жетектеген президент Эрдоган, партиясынын Бурса митингиндеги сөз сүйлөөсүндө Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларына токтолду.

2121640
Президент Эрдоган Бурсада сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Газада төгүлүп жаткан мусулман канына карата сокур жана дүлөй болгондор эртең Түркиянын башына да ушундай балээ түшсө ошондой кыла тургандарын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясын да жетектеген президент Эрдоган, партиясынын Бурса митингиндеги сөз сүйлөөсүндө Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларына токтолду.

Газада төгүлүп жаткан мусулман канына карата сокур жана дүлөй болгондор эртең Түркиянын башына да ушундай балээ түшсө ошондой кылышаарын айткан Эрдоган: «Чынында биз муну башыбыздан өткөрдүк. Орусия менен араздашып, террордук уюмдар чек араларыбызда турган кезде Батыш өлкөлөрү түштүк шаарларыбыздагы абадан коргонуу системаларын алып кетишкен. Ошол мезгилдеги кыйынчылыктарды өзүбүздүн күчүбүз, каражатыбыз, күрөшүбүз менен жеңе алдык. Сирияда, Ливияда, Жер Ортолук деңизинде, Кара деңизде, Карабахта кандай кадам таштабайлы алдыбызда чоң глобалдык альянс таптык»,-деди.

Эрдоган, кээ бир өлкөлөрдүн ишеним жана ырааттуулук климатын бузуу үчүн көптөгөн жылдардан бери Түркияда таасир эте алган ар бир катмарды провокациялоого жана кыймылга келтирүүгө аракет кылганын билдирди.

Президент: «Биз бул жерлерди мекен кылуу үчүн аракет кылгандай, мекенибизди сактап калуу үчүн да аракетибизди улантышыбыз керек. Болбосо алар бир кылым мурда кылгандай, бизди бул жерлерден устара менен жок кылуудан тартынбай турганы айдан ачык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар