Гүлер: «Чоң сокку жеген жикчил террор уюму ПККнын оңолушуна уруксат бербейбиз»

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер борбор шаар Анкарада уюштурулган ифтар программасында шейиттердин үй-бүлөлөрү жана ардагерлер менен жолугушту.

2121540
Гүлер: «Чоң сокку жеген жикчил террор уюму ПККнын оңолушуна уруксат бербейбиз»

 

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер операциялар менен чоң сокку жеген жикчил террор уюму ПККнын оңолушуна уруксат бербей тургандарын айтты.

Яшар Гүлер борбор шаар Анкарада уюштурулган ифтар программасында шейиттердин үй-бүлөлөрү жана ардагерлер менен жолугушту.

Ифтардан кийин сөз сүйлөгөн министр Гүлер:«Бул жерлерди миңдеген жылдар бою мекенибизге айландырган шейиттерибиз жана ардагерлерибиз; Алар мекенибизге болгон кебелбес сүйүүбүздүн өлбөс-өчпөс өкүлдөрү, асыл элибиздин эрдигинин жана берилгендигинин түбөлүктүү архитекторлору», - деди.

Түркиянын 40 жылга жакын убакыттан бери террор менен күрөшүп келе жатканына көңүл бурган Гүлер: «Өлкөбүздүн жана улутубуздун тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурууну көздөгөн чыккынчы террордук уюмдун мүчөлөрү, ушул мекенге берилгендик сезими менен күрөшкөн баатыр Мехметчиктин (түрк аскери) чеңгелинен чыга алышкан жок жана кутула албайт»,- деп айтты.

Терроризмге чоң сокку урулганын баса белгилеген Гүлер: «Жыл башынан бери 644 террорист, 2015-жылдан бери 40 миң 213 террорист жок кылынды. Биз жүргүзгөн операциялар менен талаада түзгөн үстөмдүктү дагы да бекемдөөгө чечкиндүүбүз. Террордук уюмдун кымындай болсо да белин түздөөсүнө, кыймылдоосуна уруксат бербейбиз. Ушул максат менен көзүбүз көрбөгөн жана аягыбыз баспаган аянт калтырбай террор сазын кургатып, өлкөбүзгө, улутубузга жана коңшуларыбызга коркунуч туудурган террордук уюмдун тамырын жулабыз. Акыркы чабалактоосун кылып жаткан террористтердин эч тартынбастан баштары жанчылат»,-деп айтты.

Министр Гүлер террор жок кылынганга дейре күрөштүн улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар