Түркиядан Израилге каршылык көрсөтүү
Түркия Израилдин тышкы иштер министри Йизраэль Катцтын социалдык медиадагы билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөттү.
Түркия Израилдин тышкы иштер министри Йизраэль Катцтын социалдык медиадагы билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөттү.
Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, «Израилдин тышкы иштер министринин президентибиз Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган билдирүүсү жеңил ойлуу жана деңгээли төмөн»,-деп айтылды.
Президент Эрдогандын Газадагы кыргындарды бүт деталдары менен билдиргени баса белгиленди.
Түркиянын Израилдин Палестина калкына жасаган зулумдуктарын коркпостон жана бийик үн менен айтууну уланта турганы белгиленди.
Вице-президент Жевдет Йылмаз да Израилдин тышкы иштер министринин бөлүшүүсүнө каршы чыгуусун: «Чындык залимдердин түшүндөгү албарстысы»,-деп билдирди.
Йылмаз Израилдин тышкы иштер министринин президент Эрдоганга карата айткан сөздөрүнүн уятсыз, орой жана жараксыз экенин айтты.
Вице-президент Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн мындай мамилеси алардын палестиналыктарга геноцид кылганы үчүн соттоло турганынын чындыгын жаап-жашыра албасын белгиледи.
Израилдин тышкы иштер министринин постуна адилет министри Йылмаз Тунч да каршы чыгуусун билдирди.
Министр Тунч баскынчы Израиль өкмөтү жасаган кыргындарды жашыра албасын билдирди.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик да Нетаньяху өкмөтүн «геноцид, жапайы жана кыргындуу тармак» деп мүнөздөдү.
Челик Түркиянын позициясынын Тель-Авив башкаруучулугун тынчсыздандырганын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Кубада
Нуман Куртулмуштун Кубадагы расмий жолугушуулары Хосе Марти эстелигин зыярат кылуу менен башталат.