Президент Эрдогандын АКШ сапары кийинкиге жылдырылды

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели билдирди.

2132642
Президент Эрдогандын АКШ сапары кийинкиге жылдырылды

Президент Режеп Тайып Эрдогандын 9-майга пландалган Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) сапары кийинкиге жылдырылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели билдирүүсүндө, президент Эрдогандын 9-майга пландалган АКШ сапарынын графиктердин бири-бирине туура келбегендигинен улам эки тарапка ыңгайлуу күнгө жылдырылганын айтты.

Кечели Түркия менен АКШнын ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалогдун улана турганын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар