Хакан Фидан нидерландиялык кесиптеши менен Газа тууралуу сүйлөштү

хакан Фидан эл аралык коомчулуктун ок атышпоо жана гуманитардык жардамдардын тез арада жеткирилиши үчүн кыймылга келиши керектигин баса белгиледи.

2115077
Хакан Фидан нидерландиялык кесиптеши менен Газа тууралуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Нидерландиянын тышкы иштер министри Ханке Брюинс Слот менен эки тараптуу карым - катнаштар жана Газа тууралуу сүйлөштү.

Фидан голландиялык кесиптеши Слот менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Түркия менен Нидерландиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге Газа баш болгон эл аралык маселелер каралды.

Газада жер которгон жарандардын ачарчылыктан жана эпидемиядан каза баштаганына көңүл бурган Фидан, эл аралык коомчулуктун ок атышпоо жана гуманитардык жардамдардын тез арада жеткирилиши үчүн кыймылга келиши керектигин баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар