Тышкы иштер министри Хакан Фидан эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ башталган 3-Анталья дипломатиялык форумуна (AДФ) байланыштуу Антальяда көптөгөн кесиптеши менен жолугушту.

2110053
Тышкы иштер министри Хакан Фидан эки тараптуу жолугушууларды  өткөрдү
ozbekistan bahtiyar saidov-fidan.jpg
kirgizistan ceenbek kulubayev-fidan.jpg
agit genel sekreteri helga maria schmid-fidan.jpg
isvicre ignazio cassis-fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ башталган 3-Анталья дипломатиялык форумуна (AДФ) байланыштуу Антальяда көптөгөн кесиптеши менен жолугушту.

Министрликтин Х социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда министр Фидан Словакиянын тышкы иштер жана Европа иштери боюнча министри Юрай Бланар, Руанданын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Винсент Бирута жана Ватикандын мамлекеттик байланыштар боюнча катчысы (тышкы иштер министри) архиепископ Пол Ричард Галлахер менен жолугушту.

Хакан Фидан Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтияр Саидов, Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис, Люксембургдун тышкы иштер жана тышкы соода министринин орун басары, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ксаивер Беттел, Европа Коопсуздук жана Кызматташуу  Уюмунун баш катчысы (ЕККУ) Хельга М. Шмид, Түндүк Македония Республикасынын тышкы иштер министри Бужар Османи менен да  өзүнчө жолугушту.

 



Тектеш кабарлар