Улуттук чалгындоо уюму Иракта чекитке так операция жүргүздү

MİT Гарадагы чекитке так операциясы менен террорист Седат Аксу жана аны коштогон террористтерди жок кылды.

2138819
Улуттук чалгындоо уюму Иракта чекитке так операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Иракта жикчил террордук уюм ПККнын кеңеш башкаруучуларынын бири делген Шевгер Чия каймана аттуу Седат Аксуну таасирсиз кылды.

MİT Седат Аксунун 2016-жылы Сириянын түндүгүндө түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы пландалган кыймылдар боюнча көрсөтмөлөрдү жеке өзү бергенин аныктады.

Аксунун ПККнын жалпы ок-дарылар боюнча менеджери катары Ирак/Гарада иш алып барганы да белгилүү болду.

MİT талаадагы тыңчылары ошондой эле Аксунун, уюмдун жогорку жетекчилиги делген жетекчилигинен алган көрсөтмөсү менен «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында кыймылга даярданып жаткан уюм мүчөлөрүнө курал жана ок-дарыларды бергени аныкталды.

Бул далилдерге таянып, MİT Гарадагы чекитке так операциясы менен террорист Седат Аксу жана аны коштогон террористтерди жок кылды.

Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын 3 террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө, «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз террорду булагында жок кылуу үчүн үзгүлтүксүз операцияларын улантууда. Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында аныкталган 3 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды. Террор уюктарын жок кылууну чечкиндүүлүк жана өжөрдүк менен улантабыз!»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар