Түркия Израилдин геноциддик саясатына каршы чыкты

Тышкы иштер министрлиги Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Катцтын социалдык медиадагы билдирүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2138574
Түркия Израилдин геноциддик саясатына каршы чыкты

Түркия «Экстремисттик Израиль өкмөтүнүн геноциддик саясаты» азыр палестиналыктарга да, израилдиктерге да коркунуч туудурган абалга келгенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Израилдин тышкы иштер министри ИсраэльКатцтын социалдык медиадагы билдирүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө «Президент (Режеп Таййип) Эрдоган Израилдин палестиналыктарга кылган кечирилгис кылмыштарын тайманбастык менен айыптайт. Түркия Израиль тарабынан кылынган кыргынды токтотуу үчүн тынымсыз аракеттерди жасап, Израилди эл аралык коомчулук тарабынан изоляциялоо үчүн чечкиндүү кадамдарды таштоодо.

Кээ бир израилдик саясатчылардын негизсиз дооматтар менен Түркияны жана президент Эрдоганды опсуз бутага алуусунун чыныгы себеби мына ушунда. Экстремисттик Израиль өкмөтүнүн геноциддик саясаты азыр палестиналыктарга да, израилдиктерге да коркунуч туудурган абалга келди»,деп айтылды.

Израилдин палестиналыктарга карата бөлүүчү жана адилетсиз саясатын Түркиянын күн тартибине алып чыгууну уланта турганы белгиленген билдирүүдө, Түркиянын палестиналыктардын өз өлкөсүндө өз мамлекетине ээ болгонго чейин бул адилеттүү ишти коргой турганы баса белгиленди.

Израилдин тышкы иштер министри Катц Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга карата айтылган президент Эрдогандын сөздөрүн бөлүшүп, жалаа жапкан.



Тектеш кабарлар