Нуман Куртулмуш - Илия Дарчиашвили жолугушуусу

Парламенттеги кабыл алууда Түркия - Грузия  карым  - катнаштары менен  аймактык актуалдуу жана эл аралык маселелер талкууланды

2103088
Нуман Куртулмуш - Илия Дарчиашвили жолугушуусу

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Грузиянын тышкы иштер министри Илия Дарчиашвилини борбор шаар Анкарада кабыл алды.

Парламенттеги кабыл алууда Түркия - Грузия  карым  - катнаштары менен  аймактык актуалдуу жана эл аралык маселелер талкууланды.

Эки өлкөнүн элдеринин ортосунда эзелки достуктун бар экенин белгилеген Куртулмуш Грузиянын тышкы иштер министри Дарчиашвили жана коштоосундагы делегацияны Түркия Улуу Улуттук Парламентинде тосуп алуудан кубанычтуу экендигин  айтты.

Куртулмуш аймактык тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышынын маанисине да  көңүлдөрдү бурду.

 Грузия менен эки тараптуу карым - катнаштарды парламенттик деңгээлде өнүктүрүүнү каалагандарын баса белгилеген Куртулмуш, бул контекстте достук топторунун ортосундагы байланыштар жана сапарлардын пайдалуу болоорун белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар