Албания-Түркия медиа форуму өттү

Тиранада “Юнус Эмре” институтунун (YEE) координациясында “Албания-Түркия медиа форуму” өткөрүлдү.

2094202
Албания-Түркия медиа форуму өттү

Албаниянын борбор шаары Тиранада “Юнус Эмре” институтунун (YEE) координациясында “Албания-Түркия медиа форуму” өткөрүлдү.

Түркиянын Тиранадагы элчиси Тайяр Каган Атай борбор калаадагы мейманканада өткөрүлгөн форумда сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын 100 жылдан бери уланып келе жатканын белгилеп: “Албания менен дипломатиялык мамиледе 2-кылымга кадам таштадык жана аны 2021-жылы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүк. 2022-жылы 1 миллиард долларлык соода көлөмү чегинен өттүк, эми биздин максат аны 2 миллиард долларга жеткирүү”,-деп айтты.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) долбоорлору менен Албанияда орток маданий мурастарды калыбына келтиргендерин белгилеген Атай, 200дөн ашуун албаниялык студенттин Түркия стипендияларынын алкагында Түркияда билим алганын жана Маариф фондунун дүйнөдөгү жалгыз университети Албанияда экенин белгиледи.

Түркиянын Албаниянын табигый өнөктөшү экенин белгилеген Атай: “Биз Балкандын ырааттуулугуна так салым кошкон эки өлкөбүз. Карым-катнашыбыз эки тараптуу, аймактык жана эл аралык деңгээлде орток тарыхыбызга ылайыктуу түрдө уланат”,-деп айтты.



Тектеш кабарлар