Эрдоган менен грузин премьер - министри пресс - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Баку-Тбилиси-Карс темир жолун толук кубаттуулукта ишке киргизүү аракеттеринин уланып жатканын билдирди.

2140635
Эрдоган менен грузин премьер  - министри пресс  - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Баку-Тбилиси-Карс темир жолун толук кубаттуулукта ишке киргизүү аракеттеринин уланып жатканын билдирди.

Президент Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Грузиянын премьер-министри Иракли Кобахидзе менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө :  "10 күндөн кийин белгилене турган дос грузин элинин эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм",- деп   конок премьер-министр менен «эки дос, кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары маанилүү жолугушууларды өткөрүшкөнүн» айтты.

Эрдоган өткөн жылы 3 миллиард долларга жеткен эки тараптуу соода көлөмүн жаңы мезгилде 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылгандарын белгилеп : "Тарыхый Жибек Жолун рельстерге алып келген Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун кайрадан толук ишке кириши үчүн ишибизди улантып жатабыз",- деди.

Эрдоган Грузиянын премьер-министри менен бирге террордук уюмдар жана уюшкан кылмыштуу топтор, өзгөчө ФЕТО (Фетуллахчы террор уюму) жана ПКК менен күрөштү дагы эффективдүү кыла турган кадамдарга көңүл бургандарын айтты.

Президент Түркиянын улуттук курама командасынын Европа футбол чемпионатында Грузия командасы менен бир тайпада экендигин да эске салып :«Алдын ала командаларыбызга ийгилик каалайм»,- деди.

Конок премьер-министр Эрдоганды зыярат кылганына абдан кубанычта экендигин белгилеп : «Эрдоган түрк элинин кызыкчылыгын коргогон чыныгы лидер. Биз президенттин Грузиянын улуттук кызыкчылыктарына көрсөткөн колдоосунан  ыраазыбыз, сизге ыраазычылык билдиребиз. Биз Кавказдагы өлкөлөрдүн жанаша жашоосун колдойбуз жана конструктивдүү кызматташууга ачыкпыз», - деди.

Бир тараптан жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда «Энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюлду.



Тектеш кабарлар