АКШнын тышкы саясатта алдыңкы эки журналы Түркия тууралуу анализ жарыялады

Макалада азыр да чоң күч болгон АКШнын эл аралык аренада олуттуу таандаштарынын бар экендигин белгилеп Түркияга көңүлдөрдү бурду.

2089853
АКШнын тышкы саясатта алдыңкы эки журналы Түркия тууралуу анализ жарыялады

АКШнын тышкы саясатта алдыңкы эки журналы Түркия тууралуу анализ жарыялады. 

“Foreign Affairs”  журналында орун алган макала "Өзүнөн өзү шектенген супер күч" деп аталды. 

Макалада азыр да чоң күч болгон АКШнын эл аралык аренада олуттуу атаандаштарынын бар экендигин белгилеп Түркияга көңүлдөрдү бурду. 

Фарид Закария жазган макалада Түркиянын 30 жыл мурункуга салыштырмалуу бүгүн  бай жана саясий жактан жетилген өлкө экени баса белгиленди.

Макалада : "Жаңы динамикаларды карап чыгуу үчүн Кытайды жана Россияны бир тарапка таштап Түркияга караңыздар : күчтүү жана популярдуу бир лидер тарабынан башкарылууда. Эң жогорку деңгээлде талап кылганда да АКШга каршы чыгууда",- деп айтылды.  

Башка бир саясий журнал  National Interest да "Орто күчтөрдүн доору келди" деген макала жарыялап Түркиянын акыркы мезгилде АКШ жана башка өлкөлөрдүн кысымына моюн сунбастан глобалдык жана аймактык максаттарынын негизинде аракет кылгандыгын жазды. 

"Түркия Жакынкы Чыгышта көз карандысыз жана ишенимдүү актерго айланууда",- деп айтылган макалада Түркиянын акыркы мезгилде Жакынкы Чыгыш, Түштүк Кавказия, Орто Азия жана Африкада аткраган иштери Украина  -  Россия жана Палестина  - Израиль тууралуу активдүү ролуна көңүл бурулду. 

 



Тектеш кабарлар