Түркиянын улуттук клавиатура командасы Чехияда чемпион...

Мелдешке Түркиядан 135 адам катышты.

2075288
Түркиянын улуттук клавиатура командасы Чехияда чемпион...

5-9-декабрь күндөрү Чехияда өткөрүлгөн 5-Эл аралык Zav клавиатура сынагында Түркиянын улуттук клавиатура командасы 4 медаль жеңип чемпион болду.

Intersteno Эл аралык маалымат технологиялары жана байланыш федерациясынын түрк тобу төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, 0-12 жаш категориясында Түркиянын улуттук курама командасынан Хасан Энез Өзкан 483 балл менен биринчи, Шеввал Эрва Башоглу 461 балл менен экинчи болду.

Мелдештин 13-16 жаш категориясында болсо Нисан Майя Тунчоглу 756 балл менен биринчиликти, Багдагүл Өзкан 702 балл менен экинчиликти алды.

Жалпы 4 категорияда 12 медалдын 4үн алган Түркиянын Улуттук курама командасы, команда катары Zav жарышынын чемпиону болду.

Түркия жана Чехия менен бирге Хорватия, Бельгия, Германия, Словакия, Италия, Люксембург, Аргентина, Венгрия жана Польша катышкан иш-чарада 1356 адам ат салышты.

Мелдешке Түркиядан 135 адам катышты.



Тектеш кабарлар