Хакан Фидан АКШга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкты түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бүгүн АКШнын борбор шаары Вашингтонго барат.

2073989
Хакан Фидан АКШга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкты түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бүгүн АКШнын борбор шаары Вашингтонго барат.

Министрликтин билдирүүсүндө 11 - ноябрда Ислам Кызматташтык Уюму  менен Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинде Түркия, Палестина, Сауд Арабия, Индонезия, Египет, Иордания сыяктуу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Газада согуштун токтотулушу жана туруктуу тынчтыктын түзүлүшүнө карата эл аралык демилгелерди көтөрүү милдетин алганы эске салынды.

Байланыш тобу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугуп, Израилдин Газага кол салууларын токтотуу үчүн толук жана шартсыз ок атышпоо жарыяланышы үчүн аракетке өтүшүн суранат. 

Аналитикалык борборлордун өкүлдөрү жана басма сөз өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөндөн кийин, топ эртең Канадага барат жана тышкы иштер министри Мелани Жоли менен жолугушат.

Билдирүүдө ушунун негизинде Фидандын бул биргелешкен дипломатиялык  аракеттин алкагында жолугушууларды өткөрүү үчүн бүгүн Вашингтонго барары билдирилди. 

ИКУ жана Араб лигасы биргелешкен эркти көрсөтсөтүп,  бир ооздон үн чыгарышы глобалдык деңгээлде күчтүү билдирүү берүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар