Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө

Түркиянын статистикалык мекемеси  2023 - жылдын   жаштар боюнча статистикасын жарыялады.

2140795
Түркиянын калкынын  15,1 пайызын жаштар түзүүдө

Жаштар Түркия калкынын 15,1 пайызын түздү.

Түркиянын статистикалык мекемеси  2023 - жылдын   жаштар боюнча статистикасын жарыялады.

Ушуга караганда 2023 - жылдын акырынан тарта Түркиянын жалпы калкынын  85 миллион  372 миң  377  киши болуп,   12 миллион  872  миң  39 киши  12 - 24  жаштагы калктын санын түздү.

Жаш калк жалпы калктын 15,1 пайызын түздү.

Жаш калктын 51,3 пайызы эркектерден, 48,7 пайызы аялдардан турат.

Түркиянын жаш калкынын 15,1 пайыз менен Европа Биримдигине  мүчө 27 өлкөнүн жаш калкынын көрсөткүчтөрүнөн жогору экени байкалды.

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн жаш калкынын көрсөткүчтөрү изилденип, 2023 - жылдагы орточо көрсөткүч 10,6 пайызды түздү.

 

 



Тектеш кабарлар