100 коргоо өнөр жайы фирмасынын тизмесинде 4 түрк фирмасы бар
SIPRI 2022-жылы эң көп курал-жарак жана аскердик кызмат саткан 100 коргоо өнөр жай компаниясын жарыялады.
Стокгольм Эл аралык Тынчтык Изилдөө Институтунун (SIPRI) 100 коргоо өнөр жай фирмасынын тизмесине 4 түрк фирмасы кирди.
SIPRI 2022-жылы эң көп курал-жарак жана аскердик кызмат саткан 100 коргоо өнөр жай компаниясын жарыялады.
Белгилей кетсек, 2018-жылдан бери тизменин башында турган 5 компаниянын баары Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жайгашкан. Бул компаниялар; Lockheed Martin, Raytheon Technologies, Northrop Grumman, Boeing жана General Dynamics болуп саналган.
SIPRIнин өткөн жылы эң көп курал жана аскердик кызмат саткан 100 коргоо өнөр жай фирмасынын тизмесине 4 түрк фирмасы кирди.
Тизмеде Аскердик электроника өнөр жайы (ASELSAN) 60-орунда, Байкар 76-орунда, Түрк аэрокосмостук өнөр жайы 82-орунда жана Рокетсан 100-орунда турат.
Түрк фирмаларынын жалпы кирешеси өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу 22 пайызга өсүп, 5,5 миллиард долларга жетти.
Кабарда учкучсуз учуучу аппарат (УУА) өндүрүшү менен таанылган Байкарга көңүл бурулуп, түрк фирмасынын кирешесинде 94 пайыздык өсүү менен тизмеде 76-орунда болгону баса белгиленди.