Эмине Эрдоган кайрылуу жасады

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүндө дагы бир жолу дүйнөлүк абийирге кайрылды.

2070888
Эмине Эрдоган кайрылуу жасады

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүндө дагы бир жолу дүйнөлүк абийирге кайрылды.

Эмине Эрдоган 29 - ноябрь Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүнө карата социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.

Эмине Эрдоган түрк жана англис тилдеринде #FreePalestine хэштегин жазып : "Бүгүн биз Газада топуракты жаздык, асманды көрпө катары колдонгон бейкүнөө адамдардын жанындабыз. Биз Палестинанын эркиндик үчүн күрөшүн колдойбуз. Анткени дүйнөнүн кайсы бир жеринде адилетсиздик үчүн бейкүнөө адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сайын эч кимибиз эч жерде толук коопсуз болбойбуз», - деди.

 

Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүндө дагы бир жолу дүйнөлүк абийирге кайрылган Эмине Эрдоган : «Биз убактылуу ок атышпоону эмес, кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кыргынга учураган бардык жарандар үчүн токтоосуз, туруктуу  тынчтыкты талап кылабыз. Шексиз зулумга эмес, зулумга душман болгондор, жүрөгүн кек жана жек көрүүгө толтурбай ырайымдуулукту, боордоштукту артык көргөндөр билишсин, силер жалгыз эмессиңер. Түркия эч нерсеге карабай ар дайым эзилген жана күнөөсүздөрдүн жанында болот, Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн иштейт. Акырында адамзат жеңет деп ишенем», - деди.

7 - октябрдан бери Израилдин Газага жасаган кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон 16 миң палестиналык каза болду.

 

 



Тектеш кабарлар