Фахреттин Алтун Израилдин журналисттерге карата кол салуусуна каршылык көрсөттү

Фахреттин Алтун соцтармактан англис тилинде берген билдирүүсүндө палестиналык кабарчы Мухаммед Эбу Хаттабдын Израилдин кол салуусунда үй  -  бүлөсүнөн  11 киши менен өлтүрүлүшүнөн улам кайгыргандарын белгиледи.

2060260
Фахреттин Алтун Израилдин журналисттерге карата кол салуусуна каршылык көрсөттү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Израилдин 7 -  ноябрдан бери журналисттерди да бутага алган кол салууларына каршылык көрсөттү.

Фахреттин Алтун соцтармактан англис тилинде берген билдирүүсүндө палестиналык кабарчы Мухаммед Эбу Хаттабдын Израилдин кол салуусунда үй  -  бүлөсүнөн  11 киши менен өлтүрүлүшүнөн улам кайгыргандарын белгиледи.

Аёсуз кол салуунун Хаттабдын телекөрсөтүүдө түз эфир менен байланышынан жарым сааттан кийин болгондугун билдирген Алтун бул жийиркеничтүү кол салууларда өлтүрүлгөн кишилердин жакындарына көңүл айтты.

Израилдин журналисттерди бутага алууну улантып жаткандыгын баса белгилеген Алтун : «7 -  октябрдан бери 38 кесиптешибиз каза болду. Бул үрөй учурган көрсөткүчтүн себеби ачыкча Израилдин дүйнөнү болгондордон кабарсыз калтырууга карата жүргүзгөн системалуу аракети. Бул террор токтошу керек. Батыш дүйнөсүнүн эртерээк  бул мыкаачылыкка каршы чыгышы керек»,- деди.

Алтун Израилдин Газадагы жарандарга карата кол салууларынын миңдеген күнөөсүз  кишилердин өлүмүнө себепчи болгондугун айтып : "Жоголгондордун басымдуу бөлүгүн балдар, аялдар, кары – картаңдар, медицина кызматкерлери жана журналисттер түзүүдө. Израиль өз ишин аткарууга аракет кылган журналисттерге кол салууда»,- деди.

Басма сөз эркиндиги жана туура маалыматтарды алуу укугунун израилдик жетекчилер үчүн эч бир маанини билдирбегендигин белгилеген Алтун : «Эл аралык коомчулук Израилдин басма сөзгө карата бул кол салууларына каршы тилекке каршы үн катпай жатат. Бир топ кесиптешибиз үчүн эми абдан кеч болсо да эл аралык коомчулук бул кол салууларга каршы унчукпай калбашы керек.

Биз дагы бир жолу Израилди журналисттерге жана жарандарга каршы системалуу кол салууну токтотууга чакырабыз. Согуш талаасынан фактыларды дүйнөгө жеткирүүгө аракет кылып жаткан бардык кесиптештерибиздин оозун жабуу аракетин айыптайбыз".



Тектеш кабарлар