Фахреттин Алтун эл аралык коомчулукка чакыруу салды

Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага жасаган оор кол салууларында 38 журналисттин каза болгонун белгиледи.

2059429
Фахреттин Алтун  эл аралык коомчулукка чакыруу салды

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Газада милдетин аткарып жатып өлтүрүлгөн басма сөз кызматкерлери үчүн эл аралык коомчулуктун басма сөз жана медиа мекемелеринин катуу карышылык  көрсөтүүсү керектигин белгиледи. 

Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага жасаган оор кол салууларында 38 журналисттин каза болгонун белгиледи.

Алтун балдардын, аялдардын, кары - картаңдардын, журналисттердин жана медицина кызматкерлеринин өлтүрүлгөндүгүн, адам укуктарынын тебеленип жатканын, басма сөз эркиндиги жана маалымат алуу укугу көз жаздымда калып, бөгөт коюлган, ал тургай бул процессте өз милдетин аткарып жаткан журналисттердин өлтүрүлүшү кабыл алынгыс экендигин баса белгилеп : "Эл аралык коомчулуктун басма сөз жана медиа мекемелеринин бул уялтуучу жана гуманитардык кризистин алдында үн чыгарбашы, милдетин аткарып жатып өлтүрүлгөн басма сөз кызматкерлери үчүн катуу каршылык көрсөтүшү керек",- деди. 

Алтун Израилди кол салууларды дароо токтотууга чакыруу салды. 

Хамастын куралдуу канаты Аль  -  Кассам бригадалары  7 -  октябрь күнү эрте менен Израилдин Палестиналыктарга жана эң башта Месдид  -  и Акса болгон ыйык баалуулуктарга карата эреже бузууларына жооп кайтаруу негизи менен кенен түрдөгү кол салуу жасаган, Израиль армиясы да Газа тилкесине абадан операция баштаган. 

Израилдин Газага карата кол салууларынан 9 миңге жакын киши каза болуп,  22 миңден ашуун киши да жаракат алды. 

 



Тектеш кабарлар